“Сиз мамлекеттик тилди, кыргыз-тилин жакшылап үйрөнүп, татыктуу деңгээлде билиңиз”.- деди төрага Нурлан Шакиев Санариптик өнүктүрүү министрлигине дайындалып жаткан Нурия Кутнаевага.
“Министрлер кабинети менен президенттин өкүлү мындан ары кандай талапкер алып келсеңер да, анын мамлекеттик тилди билүү маселесин карашыңар керек. Мамлекеттик тилди билүү биринчи маселе. Бул мыйзамдын талабы. Эгер ал мамлекеттик тилди татыктуу билбесе, кийинкиде биз аны эске алабыз”,- деди.