«Спартак» клубу “Крокуста” элди куткарган Исламды сыйлады

Автор

«Спартак» клубу элди куткарган Исламды сыйлады
“Крокус Сити Холлдун” имаратынан 100дөн көп адамды куткарып калган 15 жаштагы кыргызстандык Ислам Халиловду Москванын Спартак клубу сыйлады.
Клуб негизги команданын оюнчулары менен жолугушуу уюштуруп, балага жеке футболка жана клубдун үйдөгү бардык беттештерине абонемент белек кылды.
Мындан тышкары Орусиянын Муфтийи Равиль Гайнутдин кыргызстандык Ислам Халиловду жума күнү “Собор” мечитинде Орусиянын мусулмандарынын Эмгек медалы менен сыйлайт. Ал күнү аны менен бирге Исламдын атасы да бирге болот. Мындай маалыматты РИА новости агенттиги таратты.
Эске салсак, 15 жаштагы Ислам каргашалуу окуяда 100 дөн ашык адамды коопсуз жайга алып чыккан. Ага ырчы Моргенштерн 1 млн рубль которгонун апасы Өзгөндүк Айпери тастыктап, “ооба, кредитибиз бар эле ошону жабабыз. Моргенштернге рахмат”,- деген.

Бөлүшүү:
Next Post

Крокус Ситидеги теракт үчүн төлөнүүчү гонорардын көлөмү жарыяланды

Москвадагы Крокус Сити Холлдогу терактты жасагандар ар бир адамга эмес, баары 500 миң рублдан алыш керек болчу. Бул тууралуу «Известия» жазды. Кармалгандардын банк картасына акчанын жарымы 250 миң рубль которулган. Буга чейин терактка шектелгендердин бири сурак маалында кылмышы үчүн жарым миллион рубль төлөп беребиз деп убадаланганын, бирок анын сөздөрү туура […]

Сизге жагышы мүмкүн