Сот Юлия Навальнаяны сырттан камакка алуу чечимин чыгарды

Автор

Москвада сот Юлия Навальнаяга сырттан камакка алуу чечимин чыгарды. Ага издөө жарыялашты.
Москвадагы Басман соту тергөөнүн талабы менен Юлия Навальнаяны «экстремисттик уюмга» катышкандыгы үчүн сырттан камакка алуу чечимин чыгарды.
«Юлия Борисовна алдын ала тергөө органдарынан жашырынгандыктан, аны издөөдө деп жарыялашты»,-деп билдирди Москвадагы жалпы юрисдикциядагы соттун басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, эгер Навальная Россияга кайтып келсе аны эки айга камакка алышат.
Бул боюнча жыйын 9-июлда саат 15:00дө болгон.
Юлия Навальная сырттан камакка алуу тууралуу билдирүүлөргө мындай комментарий берди. «Ой, адаттагыдай процедура болбойбу? Чет элдик агент. Кылмыш ишин козгоо, анан гана камакка алуу?!».
Юлия Навальная — Россия оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальныйдын жубайы. Ал 2021-жылдын февраль айында күйөөсү камакка алынгандан кийин Россиядан чыгып кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Гипертониянын белгилери

Гипертония же жогорку кан басымы, артерияларда кан басымынын жогорулашы менен мүнөздөлүүчү жалпы оору болуп саналат. Бул көзөмөлгө алынбаса, миокард инфаркты жана инсульт сыяктуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын рискин жогорулатат. Негизги тобокелдик факторлоруна начар тамактануу, аз кыймылдоо, ашыкча салмак, алкоголдук ичимдиктер жана стресс кирет. Гипертонияны дарылоо жашоо образын өзгөртүүнү камтышы мүмкүн, мисалы, […]

Сизге жагышы мүмкүн