Сот Трампты алдамчылык иши боюнча күнөөлүү деп тапты

Автор

Нью-Йорктун соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты жарандык алдамчылык боюнча айыптуу деп тапты.
Соттун буйругуна ылайык, Трамп үч жыл бою Нью-Йоркто катталган бир дагы каржы мекемесинен насыя алуу үчүн арыз бербестен 350 миллион доллардан ашык айып төлөшү керек. Ошондой эле жогорку сот экс-президенттин жетекчилик кызматтарга талапкерлигин коюуга укугу жок деп чечти.
Айыпталуучунун жактоочусу Алина Хабба соттун чечимин адилетсиз деп эсептеди. Саясатчынын командасы чечим боюнча даттанууну жана апелляциялык арыз жазууну пландап жатканын түшүндүрдү.
Нью-Йорк штатынын башкы прокурору Летитиа Жеймс буга чейин Дональд Трамп 10 жыл ичинде өзүнүн активдеринин баасын 812 миллион доллардан 2,2 миллиард долларга чейин жогорулатып жибергенин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун кеңсеси ачылат

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия жана Азия үчүн региондук гуманитардык кеңсени түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 24-январында Жогорку Кеңеш […]

Сизге жагышы мүмкүн