Ош шаардык сотунун чечими менен Русланбек жана Исламбек Матраимовдор 18-майга чейин камакка алынышты.
Аларга “кылмыштуу каражаттарды адалдоо” беренеси коюлду. 26-мартта УКМК бир тууган Матраимовдорду Азербайжандын Баку шаарынан колго түшүрүп, Бишкекке алып келген.
Бей Мар 28 , 2024
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Боао Азия форумунун XXIII сессиясына катышуу үчүн Эл аралык конференция борборуна келгенин Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Токаевди аталган форумдун директорлор кеңешинин төрагасы Пан Ги Мун жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лецзи тосуп алды. 28-29-мартта Токаев Кытайда иш сапары менен болот. […]