Сот Жусупбек Коргонбай уулун министр Бейшеналиевге моралдык чыгып төлөп берүүгө милдеттендирди

Автор

Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулун саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жалган маалыматтарды төгүндөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин Ленин райондук соту саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өзүнүн ар намысын, абийирин коргоо жана 10 миң сом моралдык чыгымын өндүрүү үчүн мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулуна койгон доосун канааттандырды.
Эске салсак, мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп бир нече жолу айыптаган. Мындай билдирүүгө Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы депутат өлкөнүн түштүк аймагынан кызмат сураган деп жооп берген.
Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде анын берген арызына ылайык Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Бөлүшүү:
Next Post

Вашингтон баллистикалык ракетасын сыноого даярданууда

Америкалык аскерлер Minuteman III континенттер аралык баллистикалык ракетасын сыноого даярданууда. Аскердик аба күчтөрүнүн глобалдык сокку уруу командачылыгы билдиргендей, учуруу 4 жана 6-июнда Ванденберг авиабазасында өтөт. “АКШ өзөктүк күчтөрүнүн даярдыгын сынап көрүүнү жана анын жөндөмдүүлүгүн текшерүүнү пландап жатат”,-деп белгиленет докладда. Акыркы жолу текшерүүлөр 2023-жылдын ноябрь айында болгон. Minuteman III ракетасы 1970-жылдан […]

Сизге жагышы мүмкүн