Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Автор

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, тыгындар жайкы дөңгөлөктөгү унаалардын айынан болуп жатат.
«№9 ДЭПтин жумушчулары жолду кардан тазалап, ошондой эле туз-кум аралашмасын чачып жатышат», — деп билдиришти башкармалыктан.

Белгилей кетсек, кечээ кечтен тарта аба ырайына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеште мигранттарды жайгаштыруу маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстанга кайтып келген мигранттар боюнча иш алып баруу жана аларды кесибине жараша жайгаштыруу керектигин Сүйүн Өмүрзаков билдирди. “Чет элден кайтып келишкен мигранттар боюнча өкмөт портал ачып, аларды кесибине жараша ишке жайгаштыруу маселесин чечиши керек. Жеке менчик сайттар чет элге ишке үндөп жатышпайбы? Ушул боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн