Мындай демилгени “Эл үчүн” фракциясынын лидери Акылбек Түмөнбаев көтөрдү. “Ага көп себептер бар. Мисалы, 2019-жылы Ковид-19 пандемиясында бизге сырткы өлкөлөрдөн 600 млн доллар каражат келген. Аны ооругандарга жумшабай натыйжада, көп жарандарыбыздан айрылдык. ТЭЦти реконструкциялоо учурунда чоң кызматтарда отурган. Президент болуп отуруп, Раим Матраимовдун мафиясынын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Оң колу делген Алманбет Салиев укук коргоо органдарына түзмө түз кийлигишип, соттордун чечимдерине кийлигишип турган. Андыктан, буларды жоопко тартуу керек. Сооронбай Жээнбековдун кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзөлү, ал кыргыздын төрүндө чардап жашаганга акысы жок”,- деп билдирди депутат. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине Алмазбек Атамбаевдин шопуру Икрамжан Илмияновдун тартылышы айтылып, ал дагы Раим Матраимовго партия түзүп берип, катуу колдогонун айтты.
Акылбек Түмөнбаев президент менен УКМК төрагасы коррупция менен күрөшүп, криминалды жок кылып жатканда депутаттар колдоо көрсөтүшү керектигин белгиледи.