“Эгер президент өз мөөнөтүнө жетпесе, же, куулуп кетсе, ага мамлекеттик жеңилдиктер берилбеши керек. Ал өз эсебинен жашасын, эмнеге аны эл багышы керек”,- деп билдирди Сейит Атамбаев пленардык жыйында. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков боюнча сөз козгоп, “мисалы, аны эл кууп салды. Толук мөөнөтүн өтөгөн жок. Мамлекеттен эбегейсиз чоң пенсия алат. Жөн койгула, жандап жүргөндөрүнө өзү төлөсүн”,- деди депутат.
Өткөн парламентте Сооронбай Жээнбековдун кол тийбестигин алуу боюнча маселе көтөрүлүп, депутаттар комиссия түзмөк болушкан.