Соодагерлер үчүнчү күчтөргө жем болбосун

Автор

Президент “Дордой” базардагы жолугушууда “үчүнчү күчтөр” жөнүндө айтып, алар төңкөрүш кылууну көздөп, нааразычылык акцияны ошолор уюштуруп жатышат деген эле. Кечээ “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

“Жөнөкөй соодагерлердин ичинде кыпындай да кир жок. Ал байкуштар өз проблемаларын чечип алсак болду деп митингге чыгышты. Аларды туура эле түшүнөбүз. Ал эми алардын митингге чыкканынан пайдаланып кетели деген илгерки “чоң акырдан жем жеп” жүргөндөр, бүгүн ишсиз калгандар, криминалдар бири-бирине телефон чалышып, “сен тиги базарга бар, сен бул базарга бар, элди болушунча көбүрөөк чыгаргыла”, – деп сүйлөшкөндөрү бар.

Айрымдары өз адамдарын каржылап да жиберишти. Мунун баары атайын кызматтардан каттоодон өттү. Эгер атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун эмес десе, маалымат булактарынан сөздөрүн угуп калаарсыңар. Ошол үчүн мен аларга: “Үчүнчү күчтөр силерди пайдаланып кетпесин”, – деп айттым. Ичинде кири жок жөнөкөй соодагерлер андай күчтөр арасына кирип алып иштеп атканын кайдан билишсин. Ошол үчүн артыбызда эч ким жок деп кыйкырып атышпайбы”,- деген маегинде.

Бөлүшүү:
Next Post

Базарлар мамлекетке өтүшү мүмкүн

Базар ээлери арендаларды ыксыз көтөрүп, соодагерлерге шарт түзүп берген эмес. Эгер алар соодагерлерге  шарт түзбөсө, базарлар мамлекеттин пайдасына өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев таратты. Анда мамлекет контейнерлерди соодагерлерге бекер таратып, базар ээлеринин бекиткен акчаларын таап чыгат деп айтты. Ал УКМКнын кызматкерлерине кайрылып, өлкө аймагындагы бардык базарларды текшерип, аренда […]

Сизге жагышы мүмкүн