Соодагерлерге 6 ай патент менен иштөөгө уруксат берилди

Автор

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айтты. Бул тууралуу президент бүгүн,  5-декабрда Бишкектеги “Дордой” базарынын соодагерлери менен жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда өлкө башчысы жеринде контролдук кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотуу жана салык саясатындагы реформаларга нааразычылыктарын билдирип чыккан ишкерлер менен сүйлөшүп, алардын сунуш-пикирлерин укту.

“Келерки жылдын июль айына чейин азыр кандай болсо, ошол шартта иштеп тура беришсин. Мен өкмөттү, салыкчыларды топтоп, силерден делегаттарды кошуп, кеңешебиз. Анан чечим кабыл алабыз. Июль айына чейин патент менен иштеп тургула”, – деди президент.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ: Коркунучтуу сценарий пайда болуу алдында турат

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестинанын гуманитардык иштер боюнча координатору Линн Хастингс “Гуманитардык жардам иш-чаралары жооп бере албай турган коркунучтуу сценарий пайда болуу алдында турат”,-деди. Ал жазуу  түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газага кол салууларынын жарандарга тийгизген таасирин баса белгиледи. Газада бардык жер кооптуу  экенине жана бара турган жердин калбагандыгына көңүл бурган Хастингс, […]

Сизге жагышы мүмкүн