Сокулукта борбордук стадиондун курулушу башталды

Автор

Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушу башталды. Аталган жайдын курулушуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы жана Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев мезгил кутусун салды.
Ташиев бул жерде футбол стадиону, тиешелүү инфраструктурасы бар заманбап спорт комплекси да куруларын, анын жалпы аянты 15 миң чарчы метрден ашарын белгиледи.
Ал Мамкурулуш агенттигине Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен бирге тийиштүү долбоорду даярдоону тапшырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай тарап Зеленскийдин сынына жооп кайтарды

Кытай Украинадагы кризисти саясий жөнгө салууда тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдырууну жана конструктивдүү роль ойноону улантат. Бул пикирин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Владимир Зеленскийдин “Кытай менен Бразилиянын Украинадагы кризисти саясий жөнгө салуу боюнча консенсуска” карата сын-пикирлерине жооп иретинде айтты. “Мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. […]

Сизге жагышы мүмкүн