Пилди Шри – Ланка аба майданына Өзгөчө кырдаалдар министри Варавут Силпа Аржа өзү жеткизип келди.
“Мутху Ража” аттуу пил 2021-жылы Тайланд бийлиги тарабынан Шри – Ланкага белек катары берилген эле. Бирок, Буддисттердин сыйынуучу имаратында кармалып, ал жерде кыйноого кабылганы аныкталган. Мындан улам эки өлкө арасында кризиске себеп болгон 4 тонналык пил кечээ, мамлекетине кайра кайтарылды.
Мутху Ражаны учакта тайланддык 4 адам коштоп келди. Аны алып келүүдөгү жалпы чыгымдын суммасы 700 миң доллар болгону айтылууда.