Словениянын өкмөтү Палестинанын көз карандысыздыгын жана суверенитетин таануу чечимин кабыл алды.
Словениянын премьер-министри Роберт Голоб өлкөнүн өкмөтү Палестинаны “БУУ резолюциясы менен белгиленген чектерде таануу чечимин кабыл алганын билдирди.
«Палестинаны таануу эки мамлекет жана эл тынчтыкта жанаша жашоонун бирден-бир жолу. Европа өлкөлөрүнүн арасында пикирлештердин саны өсүүдө жана бул Евробиримдик жаңжалды жөнгө салууда барган сайын активдүү роль ойноп жатканынын айкын белгиси»,-деди ал.