Словакиянын премьер-министри Түркия Украинадагы кагылышууга чекит кое аларын айтты

Автор

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон жолугушуудан кийин Түркия өз аймагында сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Украинадагы кагылышууга чекит кое алат деп билдирди.
Словакиянын премьери тынчтык сүйлөшүүлөрү жогорку деңгээлде бул маселеде толугу менен нейтралдуу жана Эл аралык кылмыш сотуна тиешеси жок өлкөдө өтүшү керек деп эсептейт.
Буга чейин Фицо Словакиянын учурдагы өкмөтү эч качан украиналык аскерлерге колдоо көрсөтпөй турганын жана Украинанын НАТОго мүчөлүгүн жактабай турганын, анткени бул үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Башкы прокуратура өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жаран тууралуу маалымат берди

Башкы прокуратура өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жаран тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, М.Э.А соттун чечимине нааразы болуп, өзүн өрттөөгө аракет кылган. Бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө. “20-январда Башкы прокуратуранын имаратынын алдында М.Э.А. аттуу жаран сот жана прокуратура органдарына нараазычылыгын билдирип, жанына ала келген […]

You May Like