Словакиянын премьер-министри кол салган адамды жек көрбөгөнүн билдирди

Автор

Премьер-министр Роберт Фицо июнь-июль айларында жумушуна кайтып келерин, учурда ооруканада амбулатордук дарыланууда экенин билдирди.
“Мен үчүн биринчи кадамды жасоого убакыт келди. Бул кечиримдүүлүк. Мени аткан адамды жек көрбөйм. Мен ага эч кандай мыйзамдуу чара көрбөйм. Келтирилген зыяндын ордун толтурууну да талап кылбайм”,-деди Роберт Фицо Facebook баракчасындагы кайрылуусунда.
15-майда Гандлова шаарында премьер-министр Роберт Фицону 71 жаштагы жазуучу Юрай Синтула бир нече жолу аткан. Себебин Словакия өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө макул эместиги менен түшүндүргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашмалтайы чыккан эне тил

Аламүдүн районуна караштуу бир айыл аймагындагы илинген жазуу элдин кыжырын келтирип, социалдык тармактар аркылуу талкуу болуп жатат. Анда, ага тийешелүү жарандардын сабатсыздыгы белгиленет. Ал эми Иса Раззаков аттуу жаран өздүк баракчасына “кул мүнөздүктөн чыгыш керек. Кыргызча эле бир жазуу жетишет. Орустар түшүнбөй адашып кетсе, бирөөдөн сурап алат да.Кандай дейсиңер”,- деп […]

Сизге жагышы мүмкүн