Словакиянын премьер-министри Зеленскийди коркутту

Автор

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо, эгерде президент Владимир Зеленский Украинанын аймагы аркылуу газ транзитин кайра жандандырбаса, анда ал Еврокеңештин Украинага каржылык жардамын бөгөттөөгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, бул чечим Украина Словакияга газ жеткирүүнү камсыздайбы же жокпу, ошого жараша кабыл алынат.
«Эгерде Зеленский Украина аркылуу газ транзитин баштабаса жана Словакияга газ жеткирүүнү камсыздабаса өзүмдүн укугумду колдоном. Украинага каржылык жардам көрсөтүүгө каршы добуш берем»,-деди Фицо Facebook баракчасына жарыяланган видеодо.
Украина аркылуу Европага Россиянын газынын транзити 1-январдан тартып толугу менен токтотулган. Украин тарап келишимди узартуудан баш тарткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Иван Ярыгин Кубогу: Кыргызстандын балбандары медалсыз калышты

Красноярск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн “Иван Ярыгиндин кубогу” эл аралык турниринде кыргызстандык спортчулар медалсыз калышты. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, эркектер жана аялдар арасында жалпысынан 20 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстандын командасына 14 спортчу кирген, алар жеңүүчүлөрдүн тизмесине кире албай калышты. Расмий эмес командалык эсепте 17 алтын, […]

You May Like