Словакиянын премьер-министри жумушуна кайтып келди

Автор

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо 9-июлда, май айынын ортосунда болгон кол салуудан кийин алгачкы жолу өкмөттүн жыйынына катышты.
Словакиянын премьер-министри өкмөттүн жыйын өткөрчү жайында столдо отурган сүрөтүн жарыялады. Ал сүрөттө боз костюм кийип, жыйын өткөрүп жаткан.
Иш-чарадан кийин ал маалымат каражаттарына чыкпады жана коомчулукка билдирүү жасаган жок.
Фицо кол салуудан кийин коомчулукка биринчи жолу жума күнү чыккан. Ал улуттук майрамга карата сөз сүйлөгөн. Ал сөзүндө Виктор Орбандын Киевге жана Москвага болгон сапарларын мактаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Султан Раев Европанын табигый илимдер академиясынын академиги болду

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султанбай Раев Европадагы табигый илимдер академиясынын академиги болду. Бул тууралуу аталган академиянын сайтына жарыяланды. Европадагы табигый илимдер академиясы бүткүл дүйнөдөгү илимий, интеллектаулдык, маданий жана гуманитардык тармактарды бириктирет. Штаб-борбору Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан. Уюмдун курамына дүйнөлүк маданият жана искусство өкүлдөрү, гуманитардык, так илимдерге, билим […]

Сизге жагышы мүмкүн