Банска-Бистрица шаарындагы Рузвельт ооруканасында Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого операция ийгиликтүү жасалды. Абалы туруктуу деп бааланууда.
Премьер-министрге кол салуу аракети өкмөт жыйыны өтүп жаткан Гандлов шаарындагы Маданият үйүнүн алдында болгон. Левица шаарынан келген 71 жаштагы жазуучу Юрай Синтула кол салууга шектелип кармалды.
АКШнын президенти Жо Байден жана украиналык кесиптеши Владимир Зеленский Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салууну айыпташты.
Россиянын президенти Владимир Путин Фицого кол салуу аракетин шумдуктуу кылмыш деп атады.