Скрипка ханзаадасы: Бишкекте Даниэль Лозаковичтин концерти өттү

Автор

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү болгон швециялык скрипкачы Даниэль Лозаковичтин концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лозакович атактуу композиторлор Моцарт менен Сибелиустун чыгармаларын КР эл артисти Рахатбек Осмоналиев жетектеген А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестринин коштоосунда аткарды.
Анда классикалык музыканын бардык күйөрмандары дээрлик 300 жыл болгон “страдивари” скрипкасынын үнүн угууга мүмкүнчүлүк алышты. Апасы кыргызстандык болгон Даниэль Лозакович концерттин жүрүшүндө “Кыргызстанды өз үйүмдөй жакшы көрөм” деп белгиледи.
Эске салсак, кыргыздарга жээн белгилүү скрипка-виртуозу 23-жашта, ал Эгемендүүлүктүн 33 жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата атайын чакырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Газадагы ишмердигин токтотту: Аткылоолор себеп болду

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Израил күчтөрү БУУнун гуманитардык жардам кербенин аткылагандан кийин, Газа тилкесинде гуманитардык иштерди токтотконун жарыялады. Уюмдун билдирүүсүндө айтылгандай, гуманитардык жардам ташыган унаалар көзөмөл өткөрүү бекеттеринен жакындоо үчүн Израиль бийлигинен уруксаттарды алышкан. Ага карабай Израиль күчтөрү унааларды аткылаган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн