Кытай менен Япониянын экономикалык кызыкчылыктары, өндүрүштүк жана логистикалык чынжырлары бири-бири менен терең байланышкан. Ошондуктан Пекин менен Токио эркин сооданын глобалдык системасын коргоого тийиш. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Лимада өткөн АТЭС саммитинин алкагында Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба менен жолугушууда билдирди.
Өз кезегинде Исиба Кытай менен Япониянын экономикалык кызматташтыгынын чоң потенциалы бар экенин белгиледи.
“Япония Кытай менен байланыштарды үзүүгө ниеттенбейт. Эки тарап экономика, соода, медицина жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтип, мындан да чоң натыйжаларга жетишүү үчүн иштешет деп үмүттөнөт. Бул эки өлкөнүн элине көбүрөөк пайда алып келет”,-деп кошумчалады япон премьери.