Си Цзиньпин Тайванды Кытай менен бириктирүүнү убада кылды

Автор

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын президенти Жо Байденге Тайванды Кытай менен кайра бириктирүүнү убада кылганын америкалык үч аткаминер билдирди.
Кытай менен АКШ лидерлеринин сүйлөшүүсү жакында Сан-Францискодо өткөн АТЭСтин саммитинин алкагында болду. Си Байденге АКШ жана Кытайдын ондогон расмий өкүлдөрү катышкан топтук жолугушууда Кытай Тайванды күч менен эмес, тынчтык жолу менен алууну артык көрөрүн ачык айтты. Кытай тарап ошондой эле Байденди Кытайдын Тайвань менен тынчтык жолу менен биригүү аракетин колдоо билдирүүсүн жарыялоого чакырды. Ак сарайдын расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул сунушту четке какты.

Бөлүшүү:
Next Post

Стоматологиялык клиникадагы үч жашар кыздын каза болушу тыкыр иликтенет

Бишкекте 3 жашар тестиер кызды стоматологиялык клиникалардын бирине тишин дарылатканы алып барып, бирок, кокустан көз жумган окуя боюнча саламаттык сактоо министрлиги териштирүү ишин баштады. Ал эми клиника убактылуу жабылып, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Белгилүү болгондой, 18-декабрда кыздын атасы тиш догдур менен сүйлөшүп, кызын клиникага алып барган. Дарыгер уктатуу үчүн укол […]

Сизге жагышы мүмкүн