Си Цзиньпин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди

Автор

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди Астана аэропортунда тосуп алды.

Сапардын программасында жогорку деңгээлде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана маанилүү документтерге кол коюу каралган. Кытай лидери ошондой эле 3-июлда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.
Си Цзиньпин бул өлкөгө президент Токаевдин чакыруусу боюнча келген. Бул Кытай лидерин Казакстанга жасаган бешинчи сапары.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү: Тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 2-июлдан 7-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз! арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз; турак үй жайгашкан […]

Сизге жагышы мүмкүн