КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин Пекиндеги мамлекеттик резиденция Дяоюйтайда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Си Цзиньпин 8-июлдун биринчи жарымында Виктор Орбан менен жолугушту.
Венгриянын премьер-министри Кытайда расмий сапары менен жүрөт. Буга чейин, 5-июлда, Москвада ал Россиянын президенти Владимир Путин менен Украинадагы кагылышууну жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Ушул эле маселе боюнча 2-июлда Виктор Орбан Киевде болду.