Кытайдын башчысы ушул жумада Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында болуп, Кытайдын Элдик боштондук армиясынын күжүрмөн командачылыгынын түштүк аймагынын деңиз күчтөрүн текшерди.
“Мындай даярдыктын деңгээлин жана чыныгы күжүрмөн жөндөмдүүлүктү жогорулатуу зарыл”,-деп жыйынтыктады Си Цзиньпин. Кытай лидери ошондой эле аскерлерди башкарууну күчөтүп, аскерлердин коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу керектигин кошумчалады.
Эске салсак, Си Цзиньпин өткөн жылдын күзүндө Кытайдын Коммунисттик партиясынын башчысы болуп үчүнчү мөөнөткө шайланган.