Сирия Россия менен Тартус боюнча келишимди токтотту

Автор

Сириянын бийлиги 2019-жылы кол коюлган Тартус деңиз портун башкаруу боюнча россиялык компания менен келишимди токтотту. Тартус аймагынын бажы башкармалыгынын директору Риад Жуди
«Тартус портун инвестициялоо боюнча россиялык компания менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылды. Порттун ишмердүүлүгүнөн түшкөн бардык кирешелер Сирия мамлекетинин кызыкчылыгына жумшалат»,-деди Жуди.
Тартус – Сириянын экинчи чоң деңиз порту. Ал жерде Россиянын деңиз аскер флотунун материалдык-техникалык камсыздоо пункту жайгашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 22-январдан 24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, анын ичинде Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. […]

You May Like