“Сирия дүйнөгө коркунуч жаратпайт”. Асадды бийликтен кулаткандардын лидери маек берди

Автор

Сириянын факты боюнча лидери Ахмед аль-Шараа өлкө согуштан алсырап, коңшулары же Батыш үчүн коркунуч жаратпай турганын билдирди. Дамаскта Би-Би-Сиге берген маегинде ал Сирияга карата санкцияларды алып салууга чакырды.
Ахмед аль-Шараа “Хайят Тахрир аш-Шам” террордук топ эмес экенин айтты. Алар тынч жашоочуларга же жарандык аймактарга кол салбаганын билдирди. Чындыгында, алар өздөрүн Асаддын режими жасаган кылмыштардын курмандыгы катары эсептешет. Козголоңчулардын лидери курмандыктарга агрессорлорго жасалган мамиле жасоо туура эмес экенин белгиледи. Аль-Шараа Сирияны Афганистанга айлантуу ниети жоктугун айтты. Ал бул эки өлкө такыр башкача экенин, салттары да өзгөчө экенин билдирди. Афганистан урууларга негизделген коом болсо, Сирияда башка менталитет бар экенин баса белгиледи.
Айрыкча, аль-Шараа аялдардын билим алуусу зарыл экенине ишенерин билдирди.
Ошондой эле, аль-Шараа Сирияда жаңы конституцияны иштеп чыгуу үчүн юристтерден турган комитет түзүлөрүн кошумчалады. “Чечимди алар кабыл алат. Ар бир башкаруучу же президент мыйзамды сактоого милдеттүү болот”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көлдө очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 18-декабрда кечки саат 20:46да Кыргызстанда очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана […]

Сизге жагышы мүмкүн