Сирия бийлиги Асадга жардамы үчүн Ирандан 300 миллион доллар талап кылат
Ливандын Al Modon гезити Сириянын жаңы бийлиги Ирандан 300 миллиард доллар талап кылууну пландап жатканын билдирүүдө. Бул сумма өлкөнүн мурдагы лидери Башар Асадды узак убакыт колдоп келгендиги үчүн төлөнүшү керек деп эсептешет.
Учурда жаңы бийлик өкүлдөрү меморандум даярдап, аны эл аралык сотторго берүүнү көздөп жатышат. Алардын ою боюнча, Иран “кылмыштуу аракеттери” үчүн Сирияга компенсация төлөшү керек.
Иран бийлиги коңшу өлкөнүн жаңы өкмөтү мурунку бийликтин мураскери экенин, Сириянын бардык карыздары жаңы өкмөттүн жоопкерчилигине өтөрүн билдирүүдө.
Мындан тышкары, азыркы учурда Дамаск менен Тегерандын ортосунда эч кандай байланыш жок экендиги белгиленет.