Сириянын убактылуу өкмөтү түзүлдү

Автор

Сириянын убактылуу өкмөтү түзүлүп, 2025-жылдын март айына чейин иштей турган болду. Сириянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухаммед аль-Башир өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнүн жана анын март айына чейин иштээрин билдирди. Анын айтымында, өткөөл министрлер кабинетинин негизги милдети мамлекеттин ыдырашына жол бербөө болуп саналат.
«Аль-Джазира» телеканалы 9-декабрда маалымдагандай, Мухаммед аль-Баширдин Сириянын премьер-министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо сириялык оппозициянын лидерлеринин бири Ахмед аш-Шар жана мурунку өкмөт башчысы Мухаммед Гази аль-Джалали менен жолугушууда макулдашылган. 2022-жылы Мухаммед аль-Башир «Хайат Тахрир аш-Шам» тобу көзөмөлдөгөн Идлибде өнүктүрүү жана гуманитардык маселелер боюнча министр болуп иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Седнейа түрмөсү дүйнө коомчулугун чочутту(Сүрөттөр)

Сириянын президенти Башар Асад өлкөсүн таштап качкандан кийин Седнейа түрмөсүндөгү инсандык трагедия дүйнө коомчулугунун үрөйүн учурду. Учурда дүйнө ал жерде 40 жылдан бери жаткандарга, акылынан адашкандарга жана миңдеген өлүктөргө ыйлап жатат. 1. Седнайа түрмөсү. Ал жер төлөөнүн 3 кабат ылдыйында кичинекей бетон бөлмөлөрдөн турат. 1.5 млн адам оор кыйноолорго кабылганы […]

Сизге жагышы мүмкүн