Сириянын жаңы бийлиги Россиядан Башар Асадды берүүнү талап кылды

Автор

Сириянын жаңы бийлиги Россиядан мурдагы президент Башар Асадды өткөрүп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Мындай талапты Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа койгон.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалымат боюнча Reuters агенттигине комментарий берүүдөн баш тартты.
Россиянын ТИМинин жетекчисинин орун басары Михаил Богданов башында турган делегация Сирияга 28-январда келди. Бул өлкөдө бийлик алмашкандан кийинки Россия делегациясынын алгачкы сапары болду.
Сириянын расмий маалымат агенттиги SANAнын маалыматы боюнча сүйлөшүүлөр учурунда Сириянын жаңы бийлиги Россиядан компенсация төлөп берүүнү талап кылды.
Жаңы өкмөттүн өкүлдөрү «мамилелерди калыбына келтирүү өткөндөгү каталарды эске алып, Сирия элинин эркин урматтоого жана анын кызыкчылыгына кызмат кылууга тийиш» деп билдиришти.
Башар Асад 8-декабрда Сириядан качып кеткенден кийин РФ президенти Владимир Путин Асадга жана анын үй-бүлөсүнө башпаанек берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Чоң кыштакка мэр келди

Ош үлкөн кыштакчага айланып бараткан эле. Аны айтып, айталекте кээ бир чоңдордун бок ооз немелери сүрөмөлөп, жөөлөп кетишет. Биздин коом бошогон кызмат орундарына ар кимди сунуштап, өзүнө караштуу жетекчилерди мактап, кыскасы кол жоолук болду. Жашырганда эмне, баарыбыз эле “торпоктун куйругу үзүлгөн жердебиз”. Өткөн жумада Ошко жаңы жетекчи келди. Өтүк кийип, […]

You May Like