Сирияда 60 жылдан бери бийлик жүргүзгөн «Баас» партиясы ишин токтотту
Акыркы 60 жыл ичинде бийликти жүргүзгөн арабдардын «Баас» партиясынын Сирия аймактык бөлүмү өлкөдө өз ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялады.
Мындай билдирүү партиялык гезиттин сайтында жарыяланды. «Баас» партиясына тиешелүү бардык курал-жарак, техника жана транспорттук каражаттар Сириянын убактылуу өкмөтүнүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет.
«Баас» партиясынын Сирия аймактык бөлүмү 1966-жылы бирдиктүү Араб социалисттик кайра жаралуу партиясынын ичиндеги ажырымдан кийин түзүлгөн. Партия Сирия өкмөтүн жетектеп, өлкөдө бийлик жүргүзгөн. 1970-жылдан тартып, партияны Хафез аль-Асад жетектеп келген. Ал 2000-жылы каза болгондон кийин партиянын башчылыгын анын уулу Башар Асад өз мойнуна алып, президенттик кызматты аткара баштаган.