Сириянын Тартус, Латакия, Жабла жана Хомс шаарларында алавиттер, Сириядагы диний азчылыктын өкүлдөрү тарабынан митингдер өткөрүлүп, укук коргоо кызматкерлерине кол салуулар менен коштолду.
Порт шаары Тартуста кагылышуу учурунда 14 полиция кызматкери каза болду. Бийлик буга жооп катары коменданттык саат киргизип, өлкөнүн мурдагы президенти Башар Асадды колдогондорду баш аламандыкты козутууга айыптады.
Тополоңдор оппозиция ноябрдын аягында Алеппону басып алганда алавиттердин ыйык жайында өрт болгонун көрсөткөн видеотасма социалдык тармактарда тарагандан кийин башталган.