Өткөн жумада Сириядан 21 аял, 60тан ашуун балдар алынып келинген. Бирок, дагы кайтарыла турган 340 Кыргызстандык жаран бар экендиги, аларды да алып келүү иш аракети жүрүп жатканы белгилүү болду.
Кайтып келген жарандардын учурда паспорттору жок. Эми аларга алгач, реабилитациялык иш аракет жүргүзүлүп, билим берилип, диний аалымдардын сабагы өтүлөт. Белгилүү болгондой, 1 жылдын ичинде Сириядан 237 жаран кайтарылган.