Сирияда бир күндө 320 согушкер жок кылынды

Автор

Сирия армиясы менен Россиянын Аба-космос күчтөрү акыркы сутка ичинде Алеппо, Идлиб жана Хама аймактарында 320дан кем эмес согушкерди жана 63 техниканы жок кылышты. Бул тууралуу Россиянын Сириядагы душмандашкан тараптарды элдештирүү борборунун жетекчисинин орун басары, 1-даражадагы капитан Олег Игнасюк билдирди.
1-декабрда брифингде ал АКШ башында турган эл аралык антитеррордук коалициянын учактары Сириянын асманында кооптуу абал түзүүнү улантып жатканын белгилеген. Россиянын өкүлүнүн айтымында, бул учактар Араб республикасынын мыйзамдуу өкмөтүнүн уруксатысыз аба мейкиндигинде жүрүшөт. Ноябрь айында ушундай 54 мыйзам бузуу катталган.
Сирияда Куралдуу топтордун чабуулу төрт күн мурда башталып, 2020-жылдан бери эң ири деп эсептелүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Улутунун убайын тарткан Габбасов

“Биз Башкырлар, калкынын саны жагынан өспөй жатабыз. Маселен, 33 жыл мурда эркиндигин алган Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн калкынын саны дүркүрөп өсүп жатат. Алардын эне тили да сакталып, өнүгүүдө”,- деп билдирди Башкыртстандык активист жана саясатчы Руслан Габбасов. Ал Башкыр улутунун өсүүсүнө тоскоолдук жаратып жатышкандарын айтып, элдин 50 пайыздан […]

Сизге жагышы мүмкүн