Сентябрь тогузунчу ай, бирок анын аты латынча «septem» деген сөздөн келип чыккан, бул «жети» дегенди билдирет. Ошо сыяктуу эле кийинкилер Октябрь, Ноябрь жана Декабрь айларынын аттары латынча 8, 9 жана 10 сандарынан келип чыккан. Негизи байыркы Римде жыл биринчи марттан баштап саналып, айлардын аттарынын катар номерлери ошол бойдон өзгөрүлбөй калган.
Ал эми Юлий Цезардын тушунда календардын башталышы 1-январга жылдырылды, бирок алар айлардын атын өзгөртүшкөн эмес.