Сел каптаган «Рух Ордо» маданий борбору тазаланып жатат

Автор

Чолпон –Атадагы “Рух Ордо” маданий борборунда селден кийин тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сел суулары 1 дүкөндү, 7 турак жайды жана Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборун каптаган. Бактуу-Долонотуу айылындагы турак үйдүн жер төлөсүнө да суу кирген.
Эртең менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин жетекчилигинде 46 куткаруучу «Рух Ордо» маданий борборун тазалоо иштерин баштады. Жарандык коргонуу кызматынын эки инженердик техникасы тартылган.
«Борборду тез арада тазалоо үчүн кошумча күч катары Коргоо министрлигинен 75 куткаруучу жана техника тартылышы күтүлүүдө», – деп кошумчалады ӨКМ.

Бөлүшүү:
Next Post

Курскка кол салууну Экинчи дүйнөлүк согушка салыштырды

Бундестагдын депутаты Зерен Пелльман Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган чабуулуна нааразы болуп, бул окуяны Экинчи дүйнөлүк согуш менен салыштырды. «Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери биринчи жолу немис танктары Россиянын жеринде кайрадан колдонулуп жатканы мени аябай чочулатып турат»,-деди Пелльман. Анын айтымында, Украинага курал-жарактын берилиши Германияны барган сайын “согуштун сазына” сүйрөп […]

Сизге жагышы мүмкүн