Пекиндеги селден көз жумгандардын саны 33кө жетти. Дагы 18 адам дайынсыз. Жоготуу негизинен суу ташкынынан жана үйлөрдүн урашынан болду.
Селден 1 миллион 290 миң адам жабыркап, 59 миң имарат урап, 147 миңи катуу жабыркаган. Азыр бийлик жоготуулардын жалпы чыгымын эсептеп жатат.
Пекинде нөшөрлөгөн жамгыр июль айынын аягынан тарта башталган. Шаардын кооптуу аймактарынан 127 миң адам көчүрүлдү.
Чолпон- Атада "Мейкин Азия" III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт
Шар Авг 9 , 2023