2023-2024-жылдарга селдердин алдын алуу боюнча бюджеттен 39 млн 210 миң сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде парламенттин жалпы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Учурда төрт күндөн бери Кыргызстанда жүргөн сел апаатынан Сузак, Талас райондору, Ош облусунда өзгөчө кырдаалдар абалы киргизилген. Ал эми учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп, материалдык чыгымдары тактап жатканы айтылды.
Ал эми Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытовдун берген маалыматында селдин кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгына жараша кенемте төлөнүп берилет. Бул боюнча президенттин тапшырмасы да бар экендиги белгиленди.