Февраль айында Түркия менен Сирияда кыйраткыч жер титирөө болоорун айткан голландиялык сейсмолог Фрэнк Хоугербитс дүйнө ушул айда ири жер титирөөгө күбө болорун билдирди. Ал 2-5-мартта планеталардын жакындашы 3-7-мартта чоң сейсмикалык активдүүлүккө алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи.
Хугербитстин айтымында, силкинүү 8,5 баллдан жогору болуп, Түштүк Япония, Греция, Индонезия, Португалия, Пакистан жана Түндүк Американын айрым бөлүктөрүнө таасир этиши мүмкүн.