Сириянын президенти Башар Асад өлкөсүн таштап качкандан кийин Седнейа түрмөсүндөгү инсандык трагедия дүйнө коомчулугунун үрөйүн учурду. Учурда дүйнө ал жерде 40 жылдан бери жаткандарга, акылынан адашкандарга жана миңдеген өлүктөргө ыйлап жатат.
1. Седнайа түрмөсү.
Ал жер төлөөнүн 3 кабат ылдыйында кичинекей бетон бөлмөлөрдөн турат. 1.5 млн адам оор кыйноолорго кабылганы маалымдалууда. Күн сайын өлүм жазасына кабылгандардын акыбети белгисиз. Ал эми тирүү калгандары акылынан айнып, атын, туулган жылын же, жердигин унутушкан.
Болжол менен 100 миң адам кармалып турса, учурда 40 миң адам араң куткарылган. Түрмө лабиринт түрүндө салынган. Видео көзөмөл аркылуу туткундардын баарын көрүүгө болот, бирок, аларды эч ким табалбай жатат. Сирияда ушул өңдүү түрмөлөрдүн саны 11.
2. Учкуч Рагид Ахмед Аль-Татари. 1980-жылы Хама шаарын аткылоого каршы чыгып, Хафыз Асаддын буйругуна ылайык камакка алынган. Ал кезде ал 27 жашта болгон. Хафыз жана Башар Асаддын режими кулагандан кийин 3 күн мурда 40 жылдан кийин 63 жашында камакта бошоду.
3. Ата, бала Хафыз жана Башар Асаддын 53 жылдык салтанаты кулады. Башар Асад Орусияга 135 млрд доларын кошо ала качты. Ал тарыхта эң бай качкын статусуна ээ болду.
4. Седней түрмөсүндө 2011-жылдан бери эң аз 15 миң адам өлүм жазасына кириптер болгон. Мындай маалыматты Сириянын оппозициялык кыймылы маалымдады. Түрмөнүн айланасы кыйноого кабылып каза болгондорго толуп кеткен.
5. Ливиялык Усаме Бешир Сирияга билим алуу үчүн келген. Бирок, анын дайынын эч ким билген эмес. Ал 38 жылдан кийин акыл эсинен айныган абалда Сиднейа түрмөсүнөн бошоду.
6. Мазен Хамада. Ал Сириядагы таанымал укук коргоочу эле. 2019-жылы камактан бошотулгандан кийин Голландияга жайгашкан. 2020-жылы Сирия бийлиги активисттер үчүн кечирим берилгенин айткан. Мазен Хамада өлкөсүнө кайтып келгенде аны аба майданынан кармашкан. Кечээ Седнайа түрмпсүнөн анын да оор кыйноого кабылган жансыз денеси табылды.
Башар Асаддын өлүм зынданынан сүрөттөр