Алтынбек Кутманов Бишкек мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Аким президенттин 2021-жылдын 17-июнундагы № 266 “КР президентинин администрациясынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо жөнүндө” жарлыгына ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.