Свердлов округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Автор

Бишкектин № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, Свердлов округу боюнча шайлоо 30-июнга белгиленди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 15-майда президентке Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу округунда кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. 2022-жылы ушул округда өткөн шайлоодо талапкер болгон Абдурахманхажи Муртазалиев БШКнын чечимине нааразы болуп, президентти кайра шайлоо дайындоодон баш тартууга чакырган кайрылуусу 16-майда жарыяланды.
БШК 7-майдагы отурумунда ушул округдан депутат болгон Шайлообек Атазовду мандатынан ажыраткан.
Ага чейин Жогорку сот Боршайкомдун талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Ошондой эле Шайлообек Атазовду депутат деп таануу тууралуу чечим жокко чыгарылган.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке 2022-жылы Свердлов районунан депутат болуп шайланган. Шайлоонун жыйынтыгында аталган округ боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев алдыда келе жаткан, бирок добуштарды сатып алуу фактысынан улам анын каттоосу жокко чыгарылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлери кайтарылат

Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлерин мамлекетке кайтаруу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул иштер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө. “Садыр Нуркожоевичтин демилгеси менен автобекеттер шаардын сыртына чыгарылат. Бул демилге калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тыгындарды азайтуу максатында […]

Сизге жагышы мүмкүн