Свердлов округунан Салымбеков, Ысык-Көл округунан Тыналиев жеңди

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча эки округдун жыйынтыгын чыгарды.
БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Жумабек Салымбеков жеңүүчү деп табылды. Ал 10 623 шайлоочунун добушун (64,68%) алган.
Ал эми №36 Ысык-Көл округунан Айжигит Тыналиев утуп чыкты. Ага шайлоочулардын 16,04%ы добуш берген.
Эске салсак, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өткөн.
Учурда Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Боршайкомдун автоматташтырылган эсептөө системасынын маалыматына ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 596 (45.12%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга озуп чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен бала изделүүдө

Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш суусуна түшүп кеткен кичинекей баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 4-июлда «Лада 212140» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Мурдаш суусуна түшүп кеткен. Унаада айдоочу менен кичинекей бала бара жаткан. Куткаруучулар айдоочуну куткарып чыгып, ал эми жаш баланы издөө […]

Сизге жагышы мүмкүн