Саясий эркти талап кылган маселе

Автор

УКМК төрагасы 90-жылдардан берки менчиктештирүү саясаты туура эмес жүргөндүгүн айтып, кайрадан карап чыгуу маселесин көтөргөндөн бери менчик ээлеринин түн уйкусу качтыбы? Алардын айрымдары, бийликтин мындай аракети мыйзам бузууга жатаарын кээ бир калемгерлер аркылуу жаздырып жатканы айтылууда. Социалдык тармактарда болсо, муну менчик укугуна кол салуу катары баалап, өткөн ишти кайрадан козгоп отуруунун кажети жок экенин айтып жатышат. Бирок, калктын көпчүлүк бөлүгү Камчыбек Ташиевдин демилгесин колдошууда.
“Мамлекеттик мүлктөр кезегинде адилетсиз бөлүштүрүлгөн. Эмнеге, бир ууч ууру кески мага да таандык болгон мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирип алып, ошолор эле байый бериши керек.”,- дейт журналист Манас Осмон.
Эгер демилге ишке ашса, бийликтин абройу мындан да, көтөрүлөт деген пикирлер басымдуулук кылат. Бирок, саясий эрк жетеби, маселе ошондо.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин согушту токтотуунун эки шартын айтты

“Биздин Украина бийлигине койгон талабыбыз өтө жөнөкөй. Анын биринчи шарты, Украинанын куралдуу күчтөрү Донецкий, Луганский, Херсонской жана Запорожской аймактарын таштап кетиши керек. Ал эми экинчи шарт, НАТО блогуна кирүүдөн расмий түрдө баш тартканын жарыялашы керек”,- деди Владимир Путин. “Эгер ушул талаптар аткарылса, Орус бийлиги ошол мүнөттөн баштап согушту токтотуп, тынчтык […]

Сизге жагышы мүмкүн