Саясатчы Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

Автор

Саясатчы Адахан Мадумаров Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу анын Телеграм- каналына жарыяланды.
Маалыматка караганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтоткон чечимине каршы арыз Бишкектин Административдик сотунда 20-майда каралат.
Эске салсак, БШК 26-апрелде сот чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кызамык менен ооруган адамдардын саны азайды

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азайып жатканын кабарлады. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, 7-майга карата өлкөдө кызамык оорусунун 9 миң 509 учуру катталды. Анын ичинен: Бишкек шаарында — 3 300; Ош шаарында — 588; Ош облусунда — 1 442; Баткен облусунда — 283; Чүй облусунда — 2 […]

Сизге жагышы мүмкүн