Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Азимбек Бекназаровду камактан бошотту. Бирок, ал эч жакка кетпейм деген тилкаты аркылуу бошогон.
Эске салсак, 12-сентябрь күнү УКМК ага «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси менен айып тагып камакка алган эле.
Атайын кызмат Азимбек Бекназаровду «2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштөн кийин банк кутучуларынан, өкмөт үйүнөн алынган акчалардын уурдалышы жана коротулушу» боюнча кылмыш иш козголгонун билдирип, аны мыйзамсыз алынган акчага кымбат объекттерди сатып алган жана башка бирөөлөргө каттаткан деп күнөө койгон.