Сауд өнүктүрүү фонду 100 млн доллар насыя каражат бөлөт. Ал турак-жай курууга жумшалат. 12-июнда Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Каражат 25 жылдык мөөнөт менен берилет. Программада 40 чарчы метрден 85 чарчы метрге чейин 3000 бирдик арзан турак – жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин бүтүшү керек.