Президент Садыр Жапаров Сауд Арабияга болгон иш сапары учурунда Сауд Өнүктүрүү банкынын жетекчиси Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушкан. Эки тараптуу жолугушууда биргелешип кызматташуу тууралуу сөз жүрүп, натыйжада, аталган фонд 50 млн доллар каражат бөлөөрү белгилүү болду.
Сауд Өнүктүрүү фондунан бөлүнө турган каражат Кыргызстанда 38 мектептин курулушуна жумшалат. Ошондой эле президент мамлекеттик ипотекалык компанияны каржылоо мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүнү карап чыгуу сунушун да билдирген.