Сауд Арабия 130 млн доллар каражат бөлөт

Автор

Саудиялык өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 130 млн доллар каражат бөлөт. Ал Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо жана курулуш тармагын каржылоо багытына жумшалат. Мындай маалыматты каржы министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Министр Алмаз Бакетаев Саудиялык өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолугушуп, келишимге кол коюшту. Тактап айтканда, Талас облусунун 92.9 км жолу оңдоп түзөөдөн өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Песков: Россияда президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт

Россияда президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт. Аларга даярдык көрүлөрүн президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. «Кандай гана шайлоо болбосун, өзгөчө мамлекет башчысын шайлоо өтө маанилүү»,-деди. Февраль айындагы кайрылуусунда Путин сентябрда боло турган жергиликтүү жана аймактык шайлоолор, 2024-жылы президенттик шайлоолор мыйзам чегинде өтөөрүн айткан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн