Сауд Араб Падышачылыгы 2024-жылы Кыргызстанга ажылык үчүн 6060 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары, доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2023-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту.
“Биз 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык”, – деди Азирети Муфтий.
Газа секторуна жардам берүүгө ачылган атайын эсепке 307 миң сом түштү
Шар Янв 10 , 2024